РУС
Акыркы жаңылыктар » Билим берүү » Бишкекте «Ырдайлы кыргыз ырларын» жана «Тил — достуктун ачкычы» конкурстарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды
Билим берүү

Бишкекте «Ырдайлы кыргыз ырларын» жана «Тил — достуктун ачкычы» конкурстарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

277
Бишкекте Эл аралык тил күнү менен байланыштуу «Ырдайлы кыргыз ырларын» жана «Тил — достуктун ачкычы» конкурстарынын жеңүүчүлөрүнө тантана менен сыйлыктар тапшырылды.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул конкурстарда мектеп окуучулары жана балдар бакчаларынын тарбиеленгендери катышып, дипломдор жана белектер менен сыйланышты.

«Ырдайлы кыргыз ырларын» конкурсу боюнча жыйынтыктар төмөнкүчө:


  • Үчүнчү орунду №118 жана №117 жергиликтүү балдар бакчаларынын тарбиеленгендери ээлеп, жумшак оюнчуктар жана Лего оюн комплекти алышты;

  • Экинчи орунду №53 балдар бакчасынын тарбиеленгендери (жумшак оюнчуктар жана Лего оюн комплекти);

  • Биринчи орунду №51 балдар бакчасынын тарбиеленгендери жеңип алып, жумшак оюнчуктар жана чыпкалоочу алышты.


«Тил — достуктун ачкычы» конкурсу боюнча жыйынтыктар төмөнкүчө:


  • Үчүнчү орунду №12 мектебинин окуучусу Джон Ену жана №100 мектебинин окуучусу Майрамбекова Асема бөлүшүшүп, алар портативдүү диоддуу лампаларды жана дипломдорду алышты;

  • Экинчи орунду №11 мектебинин окуучусу Сапарбекова Жазэль ээлеп, ал смарт-сагат менен дипломго ээ болду;

  • Биринчи орун №49 мектебинин окуучусу Мамазимова Жасминге, ал смартфон жана диплом алды;

  • Конкурстун Гран-приин №77 мектебинин окуучусу Эсенбекова Айсалкын жеңип алып, ага планштет жана диплом тапшырылды.

0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК