РУС
Акыркы жаңылыктар » Билим берүү » Талас шаарында вакцина албаган балдарды мектепке кабыл алууга жол берилбейт
Билим берүү

Талас шаарында вакцина албаган балдарды мектепке кабыл алууга жол берилбейт

103
Талас жана Талас районунун билим берүү башкармалыгы билдирет: «Вакцинациядан өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбайт».

Ведомстводон маалымдашкандай, вакциналардан баш тарткан ата-энелер балдарын биринчи класска жаздыра алышпайт.

2025-жылдан баштап 1-класска кабыл алуу процесси онлайн формат менен жакшыртылат. Эми ата-энелер көп документтерди, анын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктү же өз паспортторун көрсөтүшү талап кылынбайт, анткени зарыл болгон маалымдуулуктар бирдиктүү маалымат базасынан алынып турат.

Ошентсе да, мектепке кирүү үчүн эки медициналык документти көрсөтүү талап кылынат:
Жалпы медициналык текшерүү өтүлгөндүгү тууралуу маалымкат;
Вакцинацияланууну тастыктаган маалымкат.

Вакцинациясыз балдар билим алууга допуск берилбейт. Бул чечим 95% вакцина албаган балдар арасында кезиккен корь орусунун көбөйүшүнө жооп катары кабыл алынды.

Биринчил класска кабыл алынган балдардын ата-энелери көрсөтүлгөн медициналык маалымкаттарды 15-августка чейин мектептерге тапшырууга милдеттүү», — деп айтылат маалымдамада.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК