Мектепке жазылуу. Билим берүү министрлиги каттоонун башталыш датасын жарыяламайын.
Ал ата-энелер үчүн каттоо процессинин максималдуу жөнөкөй болорун белгиледи.
Эми ата-энелерге катталуунун, электрондук почта түзүүнүн же кандайдыр бир документтерди чогултуунун зарылдыгы жок.
«Биздин тараптан баары даяр. Ата-энелердин ИННи аркылуу өздөрүн идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү банктар жана башка колдонмолорду иштеп чыгуу бүткөнгө чейин күтөбүз. Ата-энелер өз балдарын бир конкреттүү мектепке кабыл алганы тууралуу билдирүү алышат жана болгону кабыл алып же четке каккысы келгенде бир баскычты басышы керек. Ата-энелер жана балдар тууралуу бардык маалымат мамлекеттик системаларга интеграцияланган. Биз бардык балдарды класстарга «отургуздук», — деди Лира Самыкбаева.
Ошондой эле ал жарандарга салыктарды же коммуналдык кызматтарды төлөө зарылдыгы тууралуу билдирүүлөр алып жатканын белгиледи. Баланын мектепке кабыл алынышы тууралуу билдирүү да ошол эле принцип боюнча жөнөтүлөт.
«Ата-энелер мектепти 1-июнга чейин тастыкташы керек. Эгерде алар кабыл алууга макул болбосо, 1-июндан баштап аларга бош орундар менен мектептердин тизмесин кароого мүмкүнчүлүк ачылат. Мурдагыдай каттоону жүргүзүү азыр каралган эмес. Эгер жарандар катталган дареги боюнча жашабаса, 1-июнга чейин каттоосун өзгөртүшү керек же баласын бош орундар бар мектепке жаздырыш керек», — деп кошумчалады орун басар министр.
Өткөн жылы биринчи класстын ата-энелери «Мектеп» маалымдама системасына катталууга мажбур болчу.
Бул жылы 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен байланыштуу, балдардын бир бөлүгү биринчи класска, ал эми башка бөлүгү экинчи класска кабыл алынат.
Обсудим?
Смотрите также: