Прогресс айылында жаңы мектептин курулушу уланууда
Курулуш министрлигинен алынган маалыматка ылайык, бул окуу жай 150 окуучуга эсептелген.
Проекттин каржылоосу республикалык бюджеттен жүргүзүлүп, жалпы тендердин наркы 79 миллион сомду түзөт.
Мектептин Г формасындагы архитектурасы бар жана үч негизги блокту камтыйт: эки кабаттуу окуу имараты, өтүү галереясы жана спорт залы. Ичинде китепкана, медициналык кабинет, ашкана жана актовый зал сыяктуу жайлар иштелип чыккан.
Учурда курулуш объектинин даярдык деңгели 60%ды түзүп жатат.
Обсудим?
Смотрите также: