Кыргызстанда үч жылдан бери эң кооптуу гепатиттин түрүнө дары-дармек келбейт – Сапарбу Тобокалова
Жогорку Кенештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында башкы гепатолог Сапарбу Тобокалова Кыргызстандын үч жылдан бери эң кооптуу гепатиттин түрү үчүн тийиштүү дары-дармектер келбесин айтты. Тобокалованын айтымында, Дельта гепатитинин түрү себептүү олуттуу маселе пайда болгон. «Үч жыл бою биз Америка компаниясы тарабынан чыгарылган дары-дармектерди албай жатабыз, буга чейин алар Россия аркылуу өлкөгө келген. Учурда алар жеткирилбейт. Пациенттер мамлекетке жана парламентке бул
