Афганистанда магнитудасы 5,6 болгон жер титирөө болду
Жер титирдөө жергиликтүү убакыт боюнча 3:44тө катталды, болжол менен Баглан шаарынан чыгышка 167 чакырым аралыкта, анда 108 миң адам жашайт. Башында сейсмологдор магнитудасын 6,4 деп баалашкан, бирок кийинчерээк 5,6га өзгөртүштү. Очок 121 чакырым тереңдикте жайгашкан.
