Жайыл районунун жаш ойлоп табуучулары: Д. Овсянников Бураан мунарасынын 500 эсе кичирейген моделин сунуштады (сүрөт)
Чүй облусунда, Жайыл районунда «Илим жана технологиялар аптасы» аяктады, деп билдирет Turmushтун кабарчысы. Кара-Балта шаарында, Балдар чыгармачылыгы борборунда, таланттуу мектеп окуучулары өздөрүнүн мектептериндеги конкурстардын жыйынтыгына ылайык тандалып алынган мыкты иштерин сунуштаган райондук иш-чара өттү. Иш-чарада Кара-Балта шаарындагы №4, 9, 10, 11, 12 мектептердин окуучулары, ошондой эле Суусамыр, Ставрополовка, Федоровка жана Сосновка айылдарынан келген өкүлдөр үч жаш курак топко
