Акыркы жаңылыктар » В мире » 17-мартта Рахмон расмий визит менен Россияга барат
В мире

17-мартта Рахмон расмий визит менен Россияга барат

340

Путин менен Рахмондун жолугушуусу Россия менен Тажикстан арасындагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин тереңдетүүгө арналат, соода-инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, региондогу өзекті маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда.

Иш-чаранын алкагында президенттер ошондой эле Душанбедеги таланттуу балдар үчүн Эл аралык билим берүү борборунун жана В.Маяковский атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын курулушуна арналган видеоконференцияга катышат.

Визиттин жыйынтыгы боюнча бир нече эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Продолжая просматривать сайт day.kg вы принимаете политику конфидициальности.
ОК