Бүгүнкү Афганистан жетекчилиги өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүүгө жетишти, - Мирзиёев
Президент Афганистандын бийлиги негизги инфраструктура обьекттерин, мисалы, аэропорттор, темир жолдор, суу жана энергия системаларынын өнүгүшүнө ресурстарды кайра багыттоого жетишкенин белгиледи. Ошондой эле опиум өндүрүү менен күрөшүүгө да көңүл бурушкан. EuroNews’ка берген маегинде ал: «2023-жылы баңгизаттарды сатууга тыюу салынышынан бери опиумдун себүү аянты 95%га кыскарды» деди.
Шавкат Мирзиёев Узбекистан Европалык Союз жана башка эл аралык өнөктөштөр менен Афганистандын учурдагы кризистерден өтүү гана эмес, келечекте өнүгүшүнө мүмкүндүк берчү оң маанидеги күн тартибин түзүүгө даяр экенин кошумчалады.
Анын пикири боюнча, Афганистанды эл аралык процесстерге тартуу жана билим берүү жаатында жардам көрсөтүүнү улантуу, ошондой эле анын аймагында инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү.
Обсудим?
Смотрите также:
