Аралаш жекпе-жек (ММА) Азия оюндарынын программасына кирди
Эскерте кетсек, 2026-жылкы жайкы Азия оюндары Япониянын Нагоя шаарында 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтөт. Катнашуучуларга аралаш жекпе-жек боюнча жаңы мелдештер тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлдү.
Бул атаандашууларда жекпе-жектер эки стильде уюштурулат — заманбап жана салттуу. Бардыгы болуп турнирдa алты комплект медалга ээ болуу үчүн күрөшүү болот.
Заманбап стильде эркектер эки салмак категориясында атаандашышат: 60 жана 71 килограммга чейин, ал эми аялдар бир категорияда — 54 килограммга чейин күрөшүшөт. Салттуу стильде эркектер 65 жана 77 килограммга чейин, аялдар болсо 60 килограммга чейин атаандашышат.
Обсудим?
Смотрите также: