Иман Хелиф IBAга каршы сотко арыз жазат
Өзүнүн социалдык тармактарында Хелиф мындай деди: "Менин командам жагдайды жакшы анализдеп, менин укуктарымды жана адилеттүү атаандаштык принциптерин коргоо үчүн бардык зарыл юридикалык аракеттерди жасоодо. Жооптуу адамдар жоопко тартылышы керек, жана биз адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн бардык жеткиликтүү мыйзамдуу каражаттарды колдонобуз".
Эскертип өтүү керек, Иман Хелифтин катышуусундагы гендердик скандал Париж Олимпиадасында пайда болгон. 1/8 финалда анын атаандашы Италиялык Анджела Карини жекпе-жекке чыкпай калаарын, алжирлик спортчунун "өтө күчтүү" экенин билдирген.
Интернетте Хелифтин спорттук натыйжаларын жакшыртуу үчүн жынысын өзгөртүүсү мүмкүн экендигине байланыштуу айыптоолор пайда болду, бул көп белгилүү адамдардын арасында нааразылыктарды жаратты.
2023-жылы IBA Хелифти жана Тайвандын спортчусу Линь Юйтинди дүйнө чемпиондугуна катышуудан четтеткен, гендердик тест менен түшүндүрүп.
5-февралда Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп трансгендер спортчулардын аялдар мелдештерине катышуусун тыюу салган буйруду кол койду. Бул буйрукту кол коюу алдында Трамп, 2024-жылы аялдар арасында бокс боюнча алтын медальды уткан эки Олимпиада чемпиону чындыгында эркектер, алар аялдар болуш үчүн жыныс алмаштырышкан деп билдирген. Бирок бул дооматтар чындыкка жооп бербейт. Алжирлик Иман Хелиф жана Тайвандын Линь Юйтин жаралганынан бери аялдар катары идентификацияланып, дайыма бул категорияда мелдештерде катышышкан.
Обсудим?
Смотрите также: