РУС
Акыркы жаңылыктар » Спорт » Кыргызстандын футбол жамаатынын оюнчусу Гулжигит Алыкулов «Торпедо» клубун эмне үчүн тандаганын айтып берди
Спорт

Кыргызстандын футбол жамаатынын оюнчусу Гулжигит Алыкулов «Торпедо» клубун эмне үчүн тандаганын айтып берди

486
Кыргызстандын футбол жамаатынын оюнчусу Гулжигит Алыкулов «Торпедо» клубун эмне үчүн тандаганын айтып берди
Интернеттен алынган сүрөт. Гулжигит Алыкулов
Кыргызстандык футболдун полузащитниги Гулжигит Алыкулов Россиянын Футболдук улуттук лигасында ойногон Москвадагы «Торпедо» клубуна өтүү чечимин бөлүштү. Бул туурасында «Матч ТВ» билдирди.

Эскертүү үчүн, Гулжигит «Торпедо» клубуна быйыл январь айынын башында өткөн.

Футболчу мындай деди: ««Торпедо» — бул бай тарыхы бар чоң жана легендарлуу клуб. Мен үчүн команда кандай ойногон маанилүү. Мага ар кандай сунуштар болду, бирок мен оюн стили жана тренердин сапаты үчүн «Торпедо» клубун тандадым».
Ал ошондой эле Казакстан, Венгрия жана Новороссийсктеги «Черноморец» клубдарынан сунуштарды алганын кошумчалады.

«Биз Первой лиганын чемпиону болоорубузга үмүттөнөбүз жана жайында Премьер-лигада дебют жасай алабыз», — деди Гулжигит Алыкулов «Матч ТВ» менен болгон интервьюда.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК