РУС
Акыркы жаңылыктар » Спорт » Бишкектеги жаңы стадиондун сыйымдылыгы 51 миңге чейин көтөрүлүү себеби белгилүү болду
Спорт

Бишкектеги жаңы стадиондун сыйымдылыгы 51 миңге чейин көтөрүлүү себеби белгилүү болду

207
Бишкекте жаңы стадион 51 миң көрүүчүнү кабыл алууга мүмкүнчүлүгү болот, деп билдирди долбоордун башкы инженери Назиржан Сарбаев АКИpressке берген интервьюсунда.

Баштапкы планда орундардын саны 45 миң деп белгиленген, бирок кийинчерээк 6 миң орунду кошуу чечими кабыл алынган.

Кыргыз футбол союзунун мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө эмне себеп болгону тууралуу түшүндүрмө берди.

«Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык, ачылыш аземин, старттык оюнду жана Азия кубогунын финалын уюштуруу үчүн стадион минималдуу 50 миң көрүүчүнүн орунун камсыз кылышы керек. Ошондуктан жакын арада бул шарттарга жооп берүү үчүн курулуш долбоорунда өзгөртүүлөр жүргүзүлөт», - деп айтылган билдирүүдө.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК