Дмитрий Бивол Бенавидес менен беттешүүдөн баш тартты. WBC аны жаңы чемпион катары бекитти
Бенавидес менен беттеш үчүн соодалар 8-апрелден кийин өтүшү керек болчу, Биволдун өкүлдөрү WBCге тиешелүү маалымдаманы жиберишти.
Биволдун өкүлү Пэт Инглиш WBCге жөнөткөн катында: "Бокс дүйнөсүндө Артур Бетербиев менен болгон үчүнчү беттеш боюнча биздин милдетин баары билишет. Биз бул беттеши боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле, рейтингдик уюмдардын мурда белгиленген милдеттүү коргонуу ротация системасына ылайык иш алып барбаганына байланыштуу тынчсыздануудабыз. IBF Биволдон кийинки милдеттүү коргонуу талап кылууга негиздери бар", - деди The Ring маалымат булагына.
WBCнин жетекчиси Маурисио Сулейман социалдык тармактарында Дэвид Бенавидес WBCнин убактылуу титулунун ээсинен толук кандуу жарым оор салмактагы чемпион болду деп билдирди.
Сулейман Биволдун чечимин дагы комментарийлеип: "Пэт Инглиштен алган билдирүүлөрдүн өтө суук жана жыйынтыксыз экенин айтып, аргументтерин талкуулоонун мааниси жок. Биз Биволго ийгилик каалап, Дэвид Бенавидес WBCдин жарым оор салмактагы чемпиону болгонун сыймыктуу түрдө белгилейбиз" деди.
Обсудим?
Смотрите также: