Кыргызстандык алтын медаль утту «The 2025 Chicago spring games» турниринен
Нурислам Жоромырзаев, Кыргызстанды өкүлдөп, Америкада өткөн «2025 Чикаго жаз оюндары» турнироунда алтын медаль алды. Бул тууралуу өлкөнүн Физикалык маданият жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Агенттиктин маалыматы боюнча, грэпплинг боюнча курама команда мүчөсү болгон спортчу 90 кг салмак категориясында ийгиликтүү оюн көрсөттү. Турнир учурунда ал Канада жана Америкадан келген атаандаштарын жеңип, финалда Пакистандык атаандашына каршы 8:0 эсебинде таасирдүү жеңишке жетишти.
Нурислам Жоромырзаев спорттук аренада өзүн көрсөтүп, төмөнкү жетишкендиктерге ээ:
- 2021 жыл – грэпплинг боюнча Чүй облусунун чемпиону (NAGA);
- 2022 жыл – грэпплинг боюнча Кыргызстан чемпиону (UWW);
- 2022 жыл – грэпплинг боюнча Кыргызстан чемпиону (NAGA);
- 2023 жыл – джиу-джитсу боюнча Чүй облусунун чемпиону;
- 2023 жыл – комбат джиу-джитсу боюнча Кыргызстан чемпиону (GI жана NO GI);
- 2024 жыл – грэпплинг боюнча Кыргызстан чемпиону (ADCC);
- 2024 жыл – джиу-джитсу боюнча Кыргызстан чемпиону.
Обсудим?
Смотрите также: