РУС
Акыркы жаңылыктар » Социалдык портал » Социалдык-реабилитациялык борбору зомбылыкка кабылган балдарга акысыз жардам көрсөтөт

Социалдык-реабилитациялык борбору зомбылыкка кабылган балдарга акысыз жардам көрсөтөт

20
Зомбылык проблемаларына дуушар болгон балдар Социалдык-реабилитациялык борбордон акысыз жардам алышы мүмкүн. Бул маалымат 18-февралда «Биринчи радио» каналында психолог Гулзат Исабекова тарабынан айтылды.

Адистин айтымында, зомбылык жана киберзомбылык окуялары уулдар жана кыздар арасында күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ушундай аракеттердин себептери ар кандай болушу мүмкүн. «Биз зомбылыкка кабылған балдарга керек болгон колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Бишкек шаардык кеңешинин алдындагы Социалдык-реабилитациялык борборго кайрылуудан тартынбаңыздар», - деп белгиледи Исабекова.

Зомбылык жана зордук-зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү үчүн түзүлгөн Социалдык-реабилитациялык борбору Бишкек шаары, Карасаева көчөсү 73 дарегинде жайгашкан. Байланыш телефондору: 0 (312) 44 25 10, 0 (312) 54 29 34.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК