Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чеги боюнча келишимди колдойт
«Келишим аймакта тынчтыкка, туруктуулукка жана кызматташтыкка көмөктөшүүгө тийиш»
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чеги тууралуу кол коюлган документтерди оң баалап жатат. Бул маалымат министрликтин расмий билдирүүсүндө жарыяланды.
«Биз бул келишим аймакта тынчтыкка, туруктуулукка жана кызматташтыкка көмөктөшөт деп ишенебиз», — деп белгилешти министрликтин өкүлдөрү.
Белгилей кетүү керек, Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек араны демаркациялоо тууралуу документтерге Бишкекте кол коюшту. Андан тышкары, эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрүү бекеттерин кайрадан ачуу жана аба жүк ташуу кайрадан башталды.
Сүрөт www
Обсудим?
Смотрите также:

