«Ак-Кула» ат оюндусунун ордунда 60 миң адамга арналган шаарчаны куруу башталды

Royal Central Park аталышындагы жаңы көп функциялуу комплекс мурдагы «Ак-Кула» ат оюндусунун үстүндө курулат. Курулуш иштерин өкмөт былтыр инвестициялык келишимге кол койгон чет элдик компанияга тапшырды.
«Биз 3 миллиард долларга жакын болгон ушул инвестициялык долбоорду ишке ашырууга даярбыз. Эски ат оюндусунун ордунда 23 миң батир, ошондой эле 45 миң чарчы метрлик соода борбору жана офис жана коммерциялык жайлары бар 55 кабаттуу имарат куруу пландалууда. Мындан тышкары, мектептер, ооруканалар, мейманканалар жана парк, жасалма суу сактагыч жана жашыл аймактар сыяктуу башка социалдык объектилер курулууга да даяр», — деди Садыр Жапаров өз сөзүндө.

Япон архитектуралык компаниясы Nikken Sekkei тарабынан иштелип чыккан долбоор 60 миң адамдын муктаждыктарына ылайык проектиленген.
Ат оюндусун бузууну жана жаңы объектинин курулушун мамлекет буга чейин 2023-жылы билдирген. Кийинчерээк комплекс үч ирет аукционго коюлган, ал эми өткөн жылдын июль айында борбор шаар мэриясы ипподромду жеке менчикке берүүнүн долбоорун шаардык кеңешке сунуштап, «Ак-Кула» ат оюндусунун жаңы ээси ким болорун тактоого мүмкүнчүлүк берди. 24.kg редакциясы ипподромго талапкерлер болгон компаниялар тууралуу маалыматтарды алды.
Обсудим?
Смотрите также: