РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » КР ТИМде экономикалык дипломатия боюнча документ сунушталды
Саясат

КР ТИМде экономикалык дипломатия боюнча документ сунушталды

382


Жакында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен ОБСЕнин Программалык кеңсеси ортосундагы кызматташтыктын алкагында иштелип чыккан жаңы практикалык документтин презентациясы болуп өттү. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, бул документ ЧУУ жана консулдук мекемелерге, ошондой эле чет элде Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүнө дайындалган Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерин колдоого багытталган.

Документтин негизги милдети Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүү менен алектенген дипломаттар үчүн негизги милдеттери жана практикалык сунуштары тууралуу жалпы маалымат берүү болуп саналат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК