АКШнын Украинага Польша аркылуу аскердик жардам берүү иши кайрадан башталды
Анын айтымында, америкалык аскерий жардамдар кайрадан Украинага «Жешув-Ясенки» аэропортунда жайгашкан хаб аркылуу келип жатат, бул Польша-Украина чек арасынан алыс эмес.
«Ясенкидеги Польша логистикалык хабынан Украинага курал жеткирүү калыбына келтирилди»,- деди Залевский.
Мындан тышкары, АКШ украиналык жак менен кайрадан чалгын маалыматтары алмашып жатканын билдирди.
Эске салсак, 11-мартта, Америка Кошмо Штаттары менен Украина делегациялары Жидда (Саудия Аравиясы) шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, украин тарап 30-күндүк ок атышпоо боюнча инициативаны колдоду. Өз кезегинде, америкалык өкүлдөр аскерий жардамдардын жана чалгын маалыматтарды алмашуунун калыбына келтирилери жөнүндө кабарлашты.
Обсудим?
Смотрите также: