РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » Билим министрлигинде мектептердеги ремонтту ким жасары тууралуу чечим кабыл алынган жок
Саясат

Билим министрлигинде мектептердеги ремонтту ким жасары тууралуу чечим кабыл алынган жок

309
Билим министрлигинде мектептердеги ремонтту ким жасары боюнча аягына чыккан чечим кабыл алынган жок. Бул маалыматты вице-министр Надира Джусупбекова укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча парламент комитетинин жыйында билдирди.

Депутат Бактыбек Марипов билим берүү мекемелерине ремонт иштерин жүргүзүү үчүн сапаттуу курулуш материалдары бөлүнгөнүнө көңүл бурду. Бирок анын айтымында, бул иштерди кимдин аткарышы каралган эмес. «Мугалимдер мектептерде капиталдык ремонтту ким жасарын сурашат», — деди ал.

Надира Джусупбекова учурда жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок азырынча бирдиктүү чечимге жетишилбестигин кошумчалады. Ал быйыл жалпы билим берүү мекемелерин ремонттоого 401 миллион сом бөлүнгөнүн, өткөн жылы бул сумма 100 миллион сом гана болгонун баса белгиледи.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК