Жогорку Кенештин комитеттери Тажикстан менен чек ара боюнча макулдашуулардын долбоорлорун бекитти
Күн тартибинде төмөнкү документтер болду:
- Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимдин долбоору,
- автомобиль жолдорун куруу жана пайдаланууга байланыштуу макулдашуунун долбоору, ошондой эле жолдордун түйүндөрүн уюштуруу жана пайдалануу макулдашуулары,
- Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Тажикстан Республиксынын өкмөтүнүн ортосундагы суу жана энергетикалык объекттерге кирүү боюнча макулдашуу долбоору.
Бириккен жыйын өткөрүү боюнча чечим бүгүн, 27-февралда, Жогорку Кенештин кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Ошондой эле, 21-февралда Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча протоколго кол коюлганын эске алыш керек. Бүгүнкү жыйында Камчыбек Ташиев Тажикстан менен чек ара боюнча жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымат менен да бөлүштү.
Обсудим?
Смотрите также: