Кыргызстанда базарларда салык администрациясы боюнча пилоттук долбоорлор башталат
Бул инициативалардын максаты — салык башкаруусун жөнөкөйлөтүү, салык процессинин фискализациясын жакшыртуу жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Ошондуктан өкмөттө төмөнкү чараларды ишке ашыруу тапшырмасы берилди:
- 2025-жылдын 15-мартынан 15-августуна чейин салык милдеттенмелерин жана камсыздандыруу төлөмдөрүн аткарууну эсепке алуу жана көзөмөлдөө милдети «Дордой» соода-рынок комплексинин базарларынын жана мини-базарларынын администрацияларына жүктөлөт, алар салык агенттери болуп калат;
- 2025-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин жеке жактар үчүн Бирдиктүү салык эсеп киргизилет;
- Базарлардын жана мини-базарларынын администрациялары тарабынан салык жана камсыздандыруу милдеттенмелерин аткарууну эсепке алуу жана көзөмөлдөө тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Пилоттук долбоорго катышуучу «Дордой» комплексинин базарларынын жана мини-базарларынын реестрин түзүү;
- 2025-жылдын 1-декабрына чейин салык органдарына өткөрүлгөн маалыматты жаңыртуу.
Пилоттук долбоорлордун натыйжалары ушул жылдын 1-октябрына чейин сунушталат, андан кийин салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Базарларда жана соода борборлорунда ишкерлердин милдеттенмелерин эсепке алуу жана көзөмөлдөө боюнча салык агентинин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилигин аныктоо;
- Жеке жактар үчүн Бирдиктүү салык эсепти киргизүү.
Салык кызматына төмөнкү тапшырмалар берилди:
1) Салык агенттери катары базарлардын администрацияларына милдеттерди жүктөө боюнча пилоттук долбоорду уюштуруу;
2) Салык милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүү жана бизнес үчүн ыңгайлуураак шарттарды түзүү максатында банктарды салык кызматынын маалыматтык системасына кирүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу.
Обсудим?
Смотрите также: