РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » Тышкы иштер министрлиги: Түркияда зомбылыка учураган Кыргызстандын азаматы үйүнө кайтып келди
Саясат

Тышкы иштер министрлиги: Түркияда зомбылыка учураган Кыргызстандын азаматы үйүнө кайтып келди

231


Кыргызстандык аял, күйөөсү түрк тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандан кийин, баласы менен бирге өлкөгө ийгиликтүү кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун булактарынан маалым болгондой, 2025-жылдын 21-январында Анталиядагы Кыргызстандын Генералдык консулдугуна кыргызстандык аял күйөөсү тарабынан соккулангандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Дипмиссиянын кийлигишүүсү менен жергиликтүү укук органдары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин, ошол эле күнү күйөөсүнүн туугандарында болгон бала энесине кайтарылды.

Бул окуя тууралуу мурда коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өз социалдык тармактарындагы баракчасында маалымдаган.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК