РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » Кыргызстан Америка, Түркия жана Казакстандан майлуу өсүмдүктөрдүн урук сатып алууда
Саясат

Кыргызстан Америка, Түркия жана Казакстандан майлуу өсүмдүктөрдүн урук сатып алууда

151
Кыргызстан өкмөтү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Америка Кошмо Штаттарынан, Түркиядан жана Казакстандан жогорку сапаттагы майлуу өсүмдүктөрдүн уруктарын сатып алууда. Бул тууралуу пресс-конференцияда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча биринчи орун басар министр Жаныбек Керималиев билдирди.

Ал белгилегендей, мындай демилгеде сатып алынган уруктар өлкөбүздүн ар бир аймагында эксперименталдык режими менен себилет.

Суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, республика калкын үч негизги азык-түлүк менен толук камсыздайт (сүт, картошка, жашылча), ал эми эки башка азык-түлүк боюнча (эт, кант) өз-өзүн камсыздоо деңгээли 80 пайызга жакын. Бирок үч азык-түлүк боюнча (бидай, жемиш жана мөмөлөр, өсүмдүк майы) өлкө калктын муктаждыктарын толук жаба албай, импортко таянууга мажбур болуп турат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК