РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » Талантбек Иманов президенттин атайын тапшырмалары боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды
Саясат

Талантбек Иманов президенттин атайын тапшырмалары боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

423
Президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган жарлыкка ылайык, Талантбек Иманов атайын тапшырмалары боюнча атайын өкүлдүн милдеттерин аткарат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Интернеттен алынган сүрөт. Талантбек Иманов
Талантбек Иманов 1986-жылдын 5-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суй районуна караштуу Уч-Кайнар айылында төрөлгөн. Ал Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде билим алган.


  • 2008-2010-жылдары «ТНК «Дастан» ачык акционердик коомунун коопсуздук кызматында иштеген.

  • 2010-2011-жылдар аралыгында «Газпром Нефть Азия» ЖШКсынын технологиялык транспорт бөлүмүн жетектеген. Андан кийин 2011-2014-жылдар аралыгында «Улан» ачык акционердик коомунун режими боюнча орун басары болуп иштеген.

  • 2014-2017-жылдары Иманов «Полигон» жабык акционердик коомунун генеральдык директору болуп иштеген.

  • 2018-2020-жылдары «Улан» ачык акционердик коомунун генеральдык директору жана «ТНК «Дастан» ачык акционердик коомунун өнүктүрүү директора болуп бир чечимде иштеген.

  • 2020-жылдын мартынынан «ТНК «Дастан» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

  • 2022-жылдын 6-январынан баштап санариптик өнүктүрүү министри болуп иштеген.

  • 2023-жылдын сентябрь айында Улуттук инвестиция агенттигинин директору болуп дайындалган.

  • 2025-жылдын апрель айында жаңы жумушка өтүүсүнө байланыштуу президенттин буйругу менен кызматынан бошотулган.

0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК