РУС
Акыркы жаңылыктар » Саясат » КР Казакстан менен Ысык-Көлдөгү объектилерди ижарага алуу боюнча келишимди бузууга укуктуу
Саясат

КР Казакстан менен Ысык-Көлдөгү объектилерди ижарага алуу боюнча келишимди бузууга укуктуу

47
Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги Жогорку Кеңешке Ысык-Көлдөгү рекреациялык объектилердин ижарасы боюнча Казакстан үчүн шарттарды катаалдаштырууну караган келишим долбоорун талкууга киргизди. Мамлекеттер документке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизиши күтүлүп жатат.

Бул келишим Казакстандын «Олимп» спорттук-сакайтуу борбору, «Университет» спорттук лагери, «Самал» эс алуу үйү жана «Казакстан» санаториясы сыяктуу объекттердеги менчик укуктарын камтыйт. Бул объекттер Казакстанга үч же төрт жулдузга ылайык келүүсү үчүн милдеттенмелер менен өткөрүлүп берилген.

Экономика министрлигинин сунушу менен, эгер Казакстан келишимдин шарттарын аткарбаса, Кыргызстан келишимди биржақты бузууга укуктуу болот.

Мындан тышкары, келишимде бул объекттердеги кызматкерлердин 80% Кыргызстандын жарандарынан болушу керектиги көрсөтүлгөн. Экономика министрлиги бул квотаны жергиликтүү кызматкерлердин 90% га чейин жогорулатууну сунуштоодо.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети сунушталган өзгөртүүлөрдү биринчи этапта талкуулоодо жактырды.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК