Бишкектеги № 67 мектебинин биринчи кабаты ижарага берилди — Эльвира Сурабалдиева
Анын маалыматына ылайык, социалдык объект болгон жайды ижарага берүү мөөнөтү 49 жылга эсептелген.
«№ 67 мектеп шаарлыктын борборунда жайгашкан. 1,3 миң орунга ылайыкташкан мектепте 3 миң окуучу билим алууда. Класстарынын жетишпей жатканы байкалып жатат. Бүгүн мен бул мектептин биринчи кабаты (социалдык объект!) жекече адамдарга 49 жылга ижарага берилгенин билдим... Мындай шарттарда сапаттуу билим берүү тууралуу кантип сүйлөөгө болот? Биз бул боюнча түшүндүрмө алабыз», — деди депутат.
Обсудим?
Смотрите также:

