Садыр Жапаров Россия Федерация өкмөтүнүн орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Эмне тууралуу сүйлөшүштү

Президент визиттин жакшы натыйжаларды алып келе турганына жана ишеним менен өз ара түшүнүүгө негизделген стратегиялык партнерлукту бекемдөөгө жардам берет деп ишенерин билдирди.
Жапаров кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын товардык-экономикалык, илимий жана гуманитардык кызматташтык боюнча ишмердүүлүгүнө токтолду.
Ал эки өлкөнүн активдүү өз ара аракеттешүүсүн улантууга жана бардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Алексей Оверчук да, Кыргызстан менен Россиянын мамилелери теңдүүлүк, сый-урмат жана эки тараптын кызыкчылыктарын эсепке алуу принциптерине негизделгенин белгиледи.
Президенттин маалымат кызматынын сүрөтү. Садыр Жапаров жана Алексей Оверчуктун жолугушуусу
Оверчук Жапаровду Тажикстан менен чектешүү маселесин ийгиликтүү чечүү менен куттуктап, союздаштар арасындагы пикир келишпестиктердин тынч жол менен чечилиши Борбордук Азиядагы туруктуулук үчүн маанилүү фактор экенин баса белгиледи.
Ошондой эле ал эки өлкөнүн интеграциялык бирикмелер (ЕАЭС, СНГ, ШОС, ОДКБ) чегинде өз ара аракеттешүү деңгээли жогору экенине токтолду жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызматташуу Кыргызстан экономикасын өнүктүрүүгө жана бүт союзду бекемдөүүгө маанилүү түрткү бергенин белгиледи.
Обсудим?
Смотрите также: