Укриана менен ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөр 23-мартта улантылат — Ак Үй

Стив Уиткофф ошондой эле АКШдан Джиддага кайрадан мамлекеттик катчы Марко Рубио жана Трамптын улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Майк Уолтц жөнөткөнүн белгиледи. Бирок ал кимдер Украина тараптан бул кеңешмелерге катышарын так айткан жок.
Темалар боюнча окуңуз
Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондук сүйлөшүүсү: Ак Үйдүн версиясы
Энергетикалык инфраструктура жана Кара деңиздеги объекттерге атака жарыялоо мүмкүнчүлүгү тууралуу суроолого Уиткофф: «Бул эки тема, менин оюмча, Россия тарап менен мурунтан эле макулдашылган. Мен, албетте, украиналык тарап бул сунушту кабыл алат деп үмүт кылам», — деп жооп берди.
АКШ администрациясынын өкүлү сунушталган 30 күндүк ок атышпоо энергетикалык инфраструктуранын «бардык аспектилерин» камтышы керек экенин баса белгиледи.
Буга чейин Кремль Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Россиянын президенти Владимир Путин украиналык энергетикалык объектилерге соккуларды 30 күн бою токтотууга аскери буйрук бергенин билдирген.
Обсудим?
Смотрите также: