Кыргызстанда пайдалы казуучу заттарды казып алуу үчүн лицензиялар мыйзамсыз берилген. Эки адам кармалды (сүрөт)
Кээ бир курулуш материалдарын өндүрүүчү компаниялар Кыргызстандагы жер капчыгы боюнча мыйзамдарды одоно бузуп иштешкен. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ПГС карьерлеринин долбоорлоочусу Ж. М. Чүй-Бишкек жердин жана суунун көзөмөл башкармалыгынан инспектор Ш. А. менен кылмыштуу келишим түзгөн...
