Нарын облусунда акыркы жумада коомдук транспорттун айдоочулары 389,5 миң сомго айыпталды
26-февралдан 2-мартка чейин Нарын облусунда «Коомдук транспорт» аттуу рейд өткөрүлдү, маалымат ООБДДдан алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгы катары коомдук транспорттун 87 айдоочусуна протокол түзүлүп, жалпысынан айыптын суммасы 389 500 сомду түздү. Мындан тышкары, бузуулар боюнча: 26 учур – линияга чыгууга...
