Главная » Происшествия » Бишкектин «Кок-Сай» курулуш базарында өрт чыкты
Происшествия

Бишкектин «Кок-Сай» курулуш базарында өрт чыкты

27
Бишкектин Орозбекова көчөсүндө жайгашкан «Кок-Сай» курулуш базарында өрт чыкканы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирет.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттөн жабыркаган аймак болжол менен 350 чарчы метрди түзгөн. Өрттү өчүрүү үчүн алты бригадалык өрт өчүрүүчүлөр жана штаб тартылган. Мындан тышкары, окуя болгон жерде Бишкек шаардык ӨКМден оперативдүү группа иштеп жатат.

Өрттү локализациялоого жетишилди.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Продолжая просматривать сайт day.kg вы принимаете политику конфидициальности.
ОК