2024-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 570 кылмыш иши катталган
8-апрелде ведомстволор аралык жыйында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кырдаалдын анализи жана отчёт сунушталды. Берилген маалыматтарга ылайык, бул проблема боюнча иштердин санынын туруктуу өсүшү байкалууда:
- 2022-жылы — 452 окуя;
- 2023-жылы — 483 окуя (+6,8%);
- 2024-жылы — 570 окуя (+25,8%).
«Бул тенденция кырдаалдын начарлашын көрсөтүп, алдын алуу жана жабырлануучуларга жардам берүү боюнча чараларды күчөтүүнү талап кылат. Талкуу учурунда кризис борборлорунун жетишсиздиги, колдоо программаларын турукту каржылоонун зарылдыгы, ведомстволор арасында кызматташуу, ошондой эле калкты маалымдоо боюнча маселелер көтөрүлдү. Жаштар арасында жана билим берүү мекемелеринде алдын алуу иштерин күчөтүү, жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү ыкмаларын түзүү, координацияны жакшыртуу үчүн бир нече чаралар сунушталды», - деп билдирди прокуратура.
Обсудим?
Смотрите также:

