Главная » Происшествия » ГКНБ айылдык башкарууга 14 га жерди кайтарды
Происшествия

ГКНБ айылдык башкарууга 14 га жерди кайтарды

465
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, Жети-Өгүз районунда жайгашкан 14 гектар жер тилкеси кайтарылып алынган.

1999-жылдан бери жергиликтүү тургундардын бири Ак-Дөбө айылдык башкарууга таандык бул жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланып келген.

Текшерүү көрүлгөндөн кийин, жерди мыйзамсыз колдонуп жатканын билип турган ээси, 14 гектар жерди Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылдык башкаруусунун жетекчилигине өз ыктыяры менен өткөрүп берген, ГКНБ билдирет.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Продолжая просматривать сайт day.kg вы принимаете политику конфидициальности.
ОК