Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чеги боюнча келишимди колдойт
«Келишим аймакта тынчтыкка, туруктуулукка жана кызматташтыкка көмөктөшүүгө тийиш» Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чеги тууралуу кол коюлган документтерди оң баалап жатат. Бул маалымат министрликтин расмий билдирүүсүндө жарыяланды. «Биз бул келишим аймакта тынчтыкка, туруктуулукка жана кызматташтыкка көмөктөшөт деп ишенебиз», — деп белгилешти министрликтин өкүлдөрү. Белгилей кетүү керек, Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек
