Министрлер кабинетинин жетекчиси Казакстан президенти менен бажылардагы жүктөрдү текшерүү жана кезектерди талкуулады
Казакстанга болгон расмий сапардын учурунда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Касым-Жомарт Токаев менен эки мамлекеттин ар тараптуу кызматташтыгын чыңдоого байланыштуу маанилүү маселелерди талкуулады. Маалымат өкмөттүн басма сөз кызматынан берилди. Жолугушууда тараптар саясат, экономика, маданият жана энергетика сыяктуу ар кыл тармактарда өз ара иштешүүнү тереңдетүү жолдорун талкуулашты. Негизги маселелердин бири Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы чек арада электрондук кезек системасын
