Садыр Жапаров ОДКБнын баш катчысы менен жолугушту. Эмне талкууланды
Кыргызстан Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун (ОДКБ) Генералдык секретары Имангали Тасмагамбетов менен жолугушуу өткөрдү, бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан маалымдалды. Сүйлөшүү учурунда регионалдык коопсуздук, туруктуулук жана ОДКБ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча негизги аспекттер талкууланды. Генсек президентке 2024-жылга белгиленген Коллективдүү коопсуздук кеңешинин күзгү сессиясында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча
