Санкциянын терс кесепеттерин минималдаштыруу боюнча КР жана АҚШ сүйлөштү

КР ТИМдин басма сөз кызматынан алынган сүрөт
Жолугушуунун максаты — кызматташтык жана санкциялык саясаты тууралуу маселелерди талкуулоо. Айбек Молдогазиев талкуу учурунда, Кыргызстандын экономикасы акыркы үч жылда реформалар, мамлекеттик кызматтарды цифрлаштыруу жана салык башкарууну жакшыртуу аркылуу оң жагынан өсүү темпин көрсөтүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары учурдагы санкциянын терс кесепеттерин азайтуу үчүн стратегияларды жана Америка Кошмо Штаттары менен узак мөөнөттүү чечимдерди издөөнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Дэвид Гэмбл алардын арасындагы жыйынтыкчы жана конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи, тактап айтканда, эл аралык санкциялык талаптардын аткарылышы контекстинде.
Тараптар өз ара кызыкчылыктарды камтыган маселелер боюнча диалогду улантууга жана кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Обсудим?
Смотрите также:
