РУС
Акыркы жаңылыктар » Окуялар » Жалал-Абад облусунда бир апта ичинде 17 ичимдик ичкен айдоочу аныкталды
Окуялар

Жалал-Абад облусунда бир апта ичинде 17 ичимдик ичкен айдоочу аныкталды

15
3-марттан 9-мартка чейин Жалал-Абад облусунда ЖКББ кызматкерлери жол эрежелерин бузган айдоочуларга 2846 протокол түзүштү.

Ведомстводон билдиришкендей, инспекторлор майрам күндөрүндө, өзгөчө күчөтүлгөн режимде иштешти.

Бир жумада жол эрежелеринин бузулуулары боюнча статистика:

1223 - ылдамдыкты ашыруу,

44 - айдоочулук күбөлүк же техникалык паспортсуз унаа башкаруу,

27 - каршы тилкеге чыгу,

17 - алкогольдук мас абалда унаа айдоо,

8 - айнектерди тонерлөө боюнча бузулулар.

Бир жуманын жыйынтыгы менен 124 унаа айыппул токтотуучу жайларга коюлду.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК