Ош шаарында 5 балл күчүндөгү жер титирөө катталды

Бүгүнкү күнүнүн 03:11 убактысында Ош шаарында 5 балл күчүндө жер титрөө болду.
Кыргыз Республикасынын НАНнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титрөөсүнүн эпицентри Шарк айылынан 2 км батыс, Кызыл-Кыштактан 3 км түштүк-чыгыш, Таштактан 3 км түньёк-батыш, Наримандан 4 км түштүк, Кыргыз-Чекадан 5 км түштүк-батыш, Кашгардан 7 км түштүк-батыш жана Кара-Суудан 16 км түштүк-батышта жайгашты.
Интенсивдүүлүк боюнча, Кыргызстандагы ар кандай айылдарды алганда, Ош шаарында жана Шарк, Таштак, Кызыл-Кыштак, Нариман жана Кыргыз-Чек айылдарында жер титрөө күчү болжол менен 5 балл, Кара-Сууда болсо 4 балл болду.
Обсудим?
Смотрите также: