Ставрополь крайында курулушта Кыргызстандын жараны каза болду

Трагедия 5-мартта Ставрополь крайында болуп, бийиктиктен кулап 31 жаштагы Кыргызстандын жараны Б.А. каза болду. Ал 1992-жылы туулган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги жана МТСОМдун өкүлчүлүгү каза болгон адамдын денесин мекенине жеткирүүдө активдүү жардам көрсөтүп жатышат. Учурда компенсация маселелери каралып жатат, ошондой эле туугандары менен туруктуу байланыш сакталууда.
Обсудим?
Смотрите также: