Чүй облусунда 60 айдоочуга 10 000 сомдон айып пул салынды
Turmush маалымат кызматына Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты айдоочулардын атайын сигналдарды жандырып туруучу транспортторго, мисалы, тез жардам унааларына жол берүү маанисин түшүндүрүү болду.
Рейддин жыйынтыгында 60 айдоочуга 10 000 сомдон айып пул салынды. Бул чаралар атайын жарык жана үн сигналдарын жандырып турган транспортторго жол бербей коюу боюнча «Эреже бузуу» боюнча 188-берененин 4-бөлүмүнө ылайык кабыл алынды.
Обсудим?
Смотрите также: