РУС
Акыркы жаңылыктар » Окуялар » Нарын облусунда акыркы жумада коомдук транспорттун айдоочулары 389,5 миң сомго айыпталды
Окуялар

Нарын облусунда акыркы жумада коомдук транспорттун айдоочулары 389,5 миң сомго айыпталды

66
26-февралдан 2-мартка чейин Нарын облусунда «Коомдук транспорт» аттуу рейд өткөрүлдү, маалымат ООБДДдан алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы катары коомдук транспорттун 87 айдоочусуна протокол түзүлүп, жалпысынан айыптын суммасы 389 500 сомду түздү.

Мындан тышкары, бузуулар боюнча:

26 учур – линияга чыгууга техникалык кароонун жоктугу,

12 учур – туура эмес токтотуу,

8 учур – белгиленген жүргүнчү санынан ашып кетүү,

7 учур – техникалык бузулуулар,

7 учур – уруксаты жок кошумча шаймандерди орнотуу жана башка бузуулар.

Ошондой эле, 486 айдоочу жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен аныкталды, алардын 10у алкогольдук мас абалда болду.

Акыркы жумада 31 автоунаа айып токтотуучу жайга коюлду.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК