РУС
Акыркы жаңылыктар » Окуялар » Ысык-Атада "Azattyk" Tik Tok социалдык тармагынын аккаунтунун ээси талап-тоноочулук боюнча камалды
Окуялар

Ысык-Атада "Azattyk" Tik Tok социалдык тармагынын аккаунтунун ээси талап-тоноочулук боюнча камалды

455
Ысык-Атада "Azattyk" Tik Tok социалдык тармагынын аккаунтунун ээси талап-тоноочулук боюнча камалды

Ысык-Ата районунда акча талап кылуу боюнча шек саналган "Azattyk" Tik Tok аккаунтунун ээси кармалды.
Чүй облусунун ГУВДсынан алынган маалыматка караганда, 2025-жылдын 4-февралында 1997-жылы туулган А.А. аттуу аял укук коргоо органдарына аталган аккаунттун ээсине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал 2024-жылдын 20-декабрына чейин шектүү өзүнүн баракчасына анын жеке сүрөттөрүн кемсинткен жазуулар менен жайгаштырганын, бул анын репутациясына терс таасир эткенин билдирген. Мындан тышкары, шектүүнүн постторун өчүрүү үчүн акча талап кылганын кошумчалаган.

Бул маалымат ОВДге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 208-беренеси (Талап-тоноо) боюнча кылмыш иши козголду.

2025-жылдын 4-мартында, оперативдүү иш-чаралар жана атайын тергөө иштеринин жүрүшүндө Ысык-Ата районунун ОВД кызматкерлери шектүүнүн ким экенин тактады, ал 1992-жылы туулган К.А. аттуу жаран болуп чыкты. Ал 96-беренеге ылайык кармалган жана убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.
Тергөө уланууда.

«Урматтуу жарандар, эгерде сиз К.А. жаран колдонуучу кылмыш ишинин курмандыгы болсоңуз, ОВДге кайрылууну же дежурная бөлмөгө 0312 61-69-07 телефонуна чалууну суранабыз», - деп маалымдады милиция.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК