Караколдо казакстандык сноубордист каза болду
Башкармалыктан алынган маалыматы боюнча, 27-февралда Ак-Суй райондук Ички иштер бөлүмүнө трассада инцидент болгондугу тууралуу билдирүү келген, анын натыйжасында эркек киши каза болду.
Териштирүү органдары окуя болгон жерге чыгып, 41 жаштагы сноубордист Ж. В., казакстандык жаран, Караколго сноуборд менен түшүүгө келген досу менен сүзүшкөнүн аныкташты. Ал алган жаракаттарынан улам, өкүнүчкө орай, ошол жерден каза болду.
Милиция өкүлдөрү соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, керек болгон териштирүү иштеринин жүрүп жатканын белгилешти.
Башка беттеги сүрөт иллюстрациялык мүнөзгө ээ: amigo-tours.ru.
Обсудим?
Смотрите также: