Жаштардын нааданын кесепетинен борбор шаардагы милиция уурдалган кызды издеүүгө чыкты
23-февралда, саат 20:45 чамасында, «102» кезекчисинин пультуна белгисиз адамдардын номурлары жок унаада С. аттуу кызды уурдап кеткендиги тууралуу сигнал келди. Бул боюнча «Перехват» планы киргизилип, милициянын бардык жамааты кызды издөөгө жөнөтүлдү.
Окуя болгон жерге келген Свердлов районунун ИИМ кызматкерлери, бул болгону оюн экенин такташты. Маалымат катталып, тергөө өткөрүү боюнча текшерүү башталды.
17 жашар Ш.С. жана анын 18 жашар досу А.У. Свердлов районунун ИИМ тергөө кызматында суракка чакырылды. Алар менен мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү.
Обсудим?
Смотрите также: