11-февралда Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнө Т. А. жана О. А. аттуу жарандарыдан маалымат келди. Алар Т. К. өз алдынча жер участокторун ээлеп, аларды мерчемдеген максатына ылайык эмес колдонуп жатканы жөнүндө билдиришти. 2021-жылдын октябрь айында ал $14 миң алып, айыл чарба үчүн арналган эки жер участокторун Военно-Антоновка айылында турак үй куруу үчүн саткан, ошондой эле О. А.-га таандык участокту ээлеген.