«Кудайберген» базарында болуп өткөн өрт толугу менен өчүрүлдү - видео
Өрттү өчүрүү операциясына 13 өрт өчүрүүчү автоунаа, 90 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери, ошондой эле милиция жана тез жардам кызматкерлери катышты.
Патрис Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн бурчунан орун алган автотекечелердин кампасында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү, деп маалымдашты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Өрт болгондугу тууралуу сигнал түнкү экилер чамасында келди. Оготу алуу үчүн 13 өрт өчүрүүчү бригада, 4 суу ташуучу автоунаа, РЭС командасы, 4 милиция патрули, 90 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери жана тез жардам бригадасы тартылды.
Отту таңкы алтыда локалдаштырууга жетишилди, ал эми толугу менен өчүрүү таңкы тогузда аткарылды. Өрт бүткөн аймактын аянты болжол менен 3 миң чарчы метрди түздү. Окуянын натыйжасында жеңил конструкциядагы контейнерлер күйдү. Кудайга шүгүр, эч ким жабыркаган жок.
Азыркы учурда өрттүн себептерин аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат.
Обсудим?
Смотрите также: