Жапырт башаламандык уюштурууга шектелгендер кармалды, алардын арасында мурдагы ЖК депутаттары





Ички иштер министрлиги массалык башаламандык уюштурууга шектелгендердин кармалышы тууралуу маалымат таратышты.
Коомдук коопсуздук органдарынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 20-декабрында «Кырк уруу жети дубан ынтымагы» коомдук уюмунун айрым мүчөлөрү массалык нааразылык жана митингдерді уюштуруу максатында туруктуу жыйындар өткөрүп жатканы тууралуу ыкчам маалымат алынды. Бул аракеттер өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга багытталган жана кыйратуу жана мүлктү уурдоо менен жыйынтыкталышы мүмкүн.
Ошондуктан, зордук-зомбулуктун колдонулушу менен массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасының Кылмыш кодексинин 278-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
2025-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын кызматкерлери кармалган адамдардын жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүштү. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө: гранаталар, курал, ок-дарылар, камуфляж формасы, наркотиктер, динге байланыштуу китептер, маскалар, башаламандык уюштуруу боюнча инструкциялар, муздак курал, унаа номерлери, мобилдик телефондар, флеш-накопители жана башка буюмдар алынган.
Кармалган адамдардын арасында мурдагы Жогорку Кеңеш депутаттары: У.К. (1963-ж.т.), Ч.А. (1956-ж.т.), И.К. (1983-ж.т.), Н.К. (1965-ж.т.), И.Д. (1969-ж.т.), Т.Дж. (1965-ж.т.), О.И. (1967-ж.т.), И.Дж. (1979-ж.т.), А.К. (1975-ж.т.), У.К. (1968-ж.т.), К.Б. (1961-ж.т.) бар. Ушул жарандар боюнча тергөө иштеринде жүргүзүлмөкчү.
КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча, кармалгандар кылмыш жасоого шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш ишинин тергөө иштеринин жүрүшү уланууда.
Обсудим?
Смотрите также: